Татыктуу кызмат кылган милициянын кайгуул кызматкерлери сыйланышты

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин, КР ИИМдин ЖКККББнын, Бишкек ШИИББгы жана МККБнын атынан Ички иштер органдарына татыктуу кызмат кылгандыгы үчүн, коомдук коопсуздукту сактоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон салымдары, жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн, Ардак граматалар, мактоо баракчалары жана милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын атынан атайын жасатылган өздүк сааттар менен сыйланышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлыктарды Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков ыйгарып жатып, өздүк курамдын бүгүнкү майрамы менен куттуктап; "кайгуул кызматы элге эң жакын болгондуктан, бүгүнкү күндө коомчулуктун колдоосуна ээ болуп келүүдө. Буга сиздердин кылган кызматыңар, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого кошкон салымдарыңыздар абдан чоң. Баарыңыздардын алган сыйлыктарыңыздар кут болуп, мындан арыда элибиздин коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетүүгө тилектеш экендигин билдирди.

Ошондой эле жетекчилик тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында үзүрлүү эмгек кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын атынан төш белгилер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД