Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчысынын орун басарлары дайындалды

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин (КИК) катчысынын эки орун басары дайындалды.

КИКтен кабарлашкандай, Света Садыкова Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын укуктук маселелер жана Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Света Садыкова жогорку окуу жайды юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Жогорку Кеңештин аппаратында 20 жылдан ашык эмгектенип, ЖК аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адисинен парламентаризм бөлүмүнүн башчысына чейинки кызматтарды ээлеген, Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын коргогон.

Ал эми Замир Айылчыев Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча орун басары болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД