Эң бийик "Бурдж-Халифа" имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду

Кечээ, 1-ноябрда Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик "Бурдж-Халифа" имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду.

Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, "Бурдж-Халифа" имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД