Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Аскат Жакупбеков билдирди.

Кечээ, 1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен айып коюлууда. Журналисттин баш коргоо чарасы бүгүн, 2-ноябрда каралат.

Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди бир нече жолу сынга алып жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД