Таласта Корчубек Акназаровдун эстелиги ачылды

Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада Корчубек Акназаровдун эли үчүн жасаган эмгеги жана адамдык парасаты эскерилип, өрнөктүү жашаган өмүр жолу тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда коомдук жана саясий ишмер, социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата өзү туулган Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылында бир катар иш-чаралар башталган.

Мааракенин урматына атайын спорттук мелдештер да уюштурулган. Келген коноктор кыргыздын улуттук оюндары: көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөшү сындуу бир катар оюндарга күбө болушуп, оюнчуларга байгелер тапшырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД