"Кыргыз темир жолу": Быйыл 9 айда 271,4 миң жүргүнчү ташылды

2022-жылдын 9 айында 271 миң 461 жүргүнчү ташылган. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинен 73 миң 851 жүргүнчү эл аралык каттамдар менен, 197 миң 610 жүргүнчү ички каттамдар менен ташылган.

Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 851 жүргүнчү ташылган:

Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт.

Бишкек-Казан каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;

Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт.

Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:

Шаар четиндеги "Бишкек-1 – Токмок" багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

"Бишкек-2-Кайыңды" багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

"Бишкек-2 – Рыбачье" багыты боюнча жалпысынан 19 184 жүргүнчү, анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД