Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт

28-октябрда Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алганын Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык кырдаалдын курчушуна жооп катары көрсөтүлүүдө.

"Бул жардам аркылуу Япония өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД