
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына Түркияда өндүрүлүүчү Aksungur учкучсуз учуучу аппаратынын макетин кармап түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Ал сүрөттүн астына "Эми "Аксунгур" да биздики!!!", - деп жазган.
Бирок, Камчыбек Ташиев Кыргызстан канча дрон сатып алганын жазган эмес.
Белгилей кетсек, Aksungur – Түркияда өндүрүлүүчү учкучсуз учуучу аппарат. Aksungur визуалдуу жана радио чалгын жасоого багытталган жана сокку уруучу дрон катары да кызмат кылат. Ал саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта, 6500 чакырымга чейин уча алат.