
Бүгүн, 3-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, Семетей Талас уулу 1-ноябрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келип, андан кийин камакка алынган.
ИИМдин маалыматына караганда, ал "Фейсбукта" экстремисттик материалдар камтылган билдирүү жасаганы үчүн кармалган жана аталган факт УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.