Милиция Бишкектин Ала-Тоо аянтында жоголгон буюмдарды алып кетүүгө чакырды

Милициянын кайгуул кызматы Бишкектин борбордук аянттагы милициянын таяныч пунктунда жарандардын документтери тураарын белгилейт. Ээлери 10-ноябрга чейин келип алып кетишсе болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордук аянттагы милициянын таяныч пункттунда жарандардын жоготуп же түшүрүп алган документтери, айдоочулук күбөлүктөр, өздүгүн тастыктаган паспорттор, капчыктар, үйдүн жана унаалардын ачкычтары, унаалардын техникалык күбөлүктөрү, банк карточкалары жана башка буюмдар сакталып турат.

Булардын баары борбордук аянтта сейилдеп жүргөн жарандар аянттан таап алып, милициянын таяныч пунктунда кызмат өтөгөн кызматкерлерге таштап кетишкен. Сүрөттө көрсөтүлгөн документтердин ээлери көрсө, 10-октябрга чейин келип алып кетишсе болот. Анткени андан ары калкты тейлөө борборуна (ЦОН) өткөрүлүп берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД