Умрага баруунун баасы канча боло тургандыгы белгилүү болду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра ибадатын (кичи ажылык) уюштурууну баштады.

Муфтияттан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.

"Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Зыяратчылар төмөнкү телефон номерлер аркылуу толук маалымат ала алат: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД