Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Маалыматка караганда, аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер "боюнан түшүү коркунучу бар" дегенине да карашкан эмес

"Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Врач ага "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө",- деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД