Кызыл-Кыядагы жатак абакта брусчатка чыгарыла баштады

Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагынын начальниги Ички кызматтын полковниги К.Т. Эрматовдун аракети менен мекеменин аймагында брусчатка сыяктуу маанилүү курулуш буюму чыгарыла баштады. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул демилге башка нерселер менен катар соттолгондорду ишке орноштуруу пландарына ылайык иш менен камсыз кылат.

Ал эми эмгек терапиясы, бардыгына белгилүү болгондой, кайра тарбиялоонун эффективдүү ыкмаларынын бири болуп саналат жана мыйзам бузуучуларды рецидивден сактап калууга жардам берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД