Өзгөндө экстремисттик материалдарды тараткан деп жаш жигит кармалды

Өзгөн шаарында диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратканга шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Т.А. аттуу жаран Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын инстаграм социалдык баракчасы аркылуу тараткан.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесиндеги кылмыш белгилеринин негизинде иш козголуп, соттун кароосуна жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД