ИИМ журналист Санрабия Сатыбалдиева эмнеге кармалганын билдирди

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча "МИР24.kg" маалымат порталынын директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

2022-жылдын 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде шантаж кылуу менен талап кылган бир катар адамдар кармалды.

Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп "МИР24.kg" маалымат порталынын башкы директору "С.С.К." (Санрабия Сатыбалдиева) болуп саналат. Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип "МИР24.kg" маалыматтык порталдын оператору "Б.у.К." (Калыс Ашырбеков) кармалды.

Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирген.

Ааны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер "боюнан түшүү коркунучу бар" дегенине да карашкан эмес

"Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Врач ага "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө",- деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД