
Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист айымдын камалганы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"КР Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист айымдын камалышы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Оператор мырзаны таптык, Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармаоочу жайында", - деп жазган ал.
Эске салсак, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирген.
Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер "боюнан түшүү коркунучу бар" дегенине да карашкан эмес
"Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Врач ага "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө",- деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Ал эми ИИМ аны опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирген.