
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынды, бул коронавирусту жеңдик жана эми эмдөөдөн өтүүнүн кереги жок дегенди билдиреби?
Булуроого КР ССМнын Иммундук алдын алуу республикалык борборунун эпидемиолог дарыгери Нуржан Замирбекова жооп берет:
"Өлкөдө эпиемиологиялык абалдын туруктуулугуна байланыштуу COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал режими алынып салынды. Бирок бул, тилекке каршы, биз коронавирусту толук жеңдик дегендик эмес.
Күн сайын бизде жаңы учурлар катталууда. 3-ноябрга карата коронавируска чалдыгуунун 7 учуру аныкталды. Эмдөө аркылуу биз оорунун санын азайта алдык, адамдар эмдөө алгандыктан ооруса дагы жеңил өткөрүп жатышат. Бирок биз мурдагыдай эле сак болуп – алдын алуу чараларын сактоого тийишпиз.
Эмдөө – оорунун алдын алуунун бирден-бир таасирдүү ыкмасы. Коронавирус менен ооруп айыккан соң, илдет кайрадан жукпайт деген кепилдик жок. Ал эми вакцина COVID-19 бардык штаммдарынан коргойт.
Учурда Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө боюнча 90 күндүк кампания өтүп жатат. Биз жарандарды бустерди – вакцинанын 3 жана 4-дозаларын алууга чакырабыз. Иммунитети начар, 65 жаштан жогору курактагы, өнөкөт оорулары бар адамдар жана медицина кызматкерлери үчүн эмдөөдөн өтүү өзгөчө маанилүү".
ӨК режимин алып салууга байланыштуу эмдөө эрежелеринде өзгөрүүлөр болобу?
"Жок, мурдагыдай эле өлкөнүн бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан толук акысыз түрдө COVID-19 каршы эмделүүгө болот.
Ар бир каалоочу эмдөөдөн өтө алат.
Вакцинанын бустердик дозасын 2-дозаны алгандан кийин 4-6 айдан соң учурда бар вакциналардын кайсынысы менен болбосун алууга болот".