
"Алтын күздү" аялдар колониясында шаңдуу тосуп алышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй районунун Степное айылындагы No2 мекемеде чоң майрам болуп өттү.
Бул жерде "Атлантис" реабилитациялык борборунун жана "Таза аймак" социалдык адаптация борборунун бейтаптары биргеликте "Алтын күз" массалык маданий акциясын өткөрүштү.
Өздүк көркөм чыгармачылыктын артисттеринин оюн-зооктору ыр, бий, күлкүлүү театрлаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.