Бишкекте Жаза аткаруу тутумунун командалары ортосунда футбол беттеши өттү

Бишкекте "Омега" атайын отрядынын каза болгон командиринин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, лига спорт залында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жана жаза аткаруу тутумунун ардагерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Турнир "Омега" атайын багыттагы отрядынын мурдагы командири, и/к майору Керимбек Жолонбековдун жаркын элесине арналды.

Иш-чаранын ачылыш аземинде ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев мелдештин катышуучуларына кайрылып, курман болгон кесиптештерибизди ар дайым эскеребиз деп белгиледи.

Түбөлүккө кеткендердин атына арналып куран окулду.

Футболдук таймашка ЖАКнын борбордук аппаратынын командасы, жаза аткаруу тутумунун ардагерлери, No1, 2, 3, 8, 14, 16, 19, 21, 23, 24, 27, 31, 50 мекемелеринин атынан чыккан командалар катышты.

Беттешүүнүн жыйынтыгында 1-орунду Omega атайын отрядынын командасы ээледи. Экинчи орунду ЖАКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, 3-орунга Нарын шаарындагы СИЗОнун кызматкерлеринин командасы ээ болду.

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД