
"Опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн "эч жакка кетпөө" тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Учурда Санрабия Сатыбалдиева республикалык ооруканада дарыланып жатат.
Эске салсак, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирген.
Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер "боюнан түшүү коркунучу бар" дегенине да карашкан эмес
"Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Врач ага "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө",- деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Ал эми ИИМ аны опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирген.