Оштон Дубайга туруктуу авиакаттам ачылды

3-ноябрда "Ош" эл аралык аэропортуна Дубай эмирлигинен (БАЭ) 9 жылдан бери аткарылбай келген биринчи туруктуу каттам келип конду.

Аэрпорттун басма сөз кызматы билдиргендей, Fly Dubai авиакомпаниясынын Боинг-737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Биринчи каттам менен Оштон Дубайга 12 жүргүнчү учуп келип, 125адам учуп кетти.

Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу каттам 9 жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу аткарылат.

Авиакомпания каттамдарды жумасына 2 жолу – шейшемби жана жума күндөрү жүргүзөт. Болжолдуу учуу убактысы 3,5 - 4 саат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД