
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери республиканын аймагында, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында, оор жүк ташуучу унааларга жана айыл-чарба техникаларынын арткы бөлүгүнө жарык чагылдыруучу элементтерди чапташууда.
КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга акыркы күндөрү айдоочулар өзгөчө түнкү убакта жолдун жээгинде токтоп турган жүк ташуучу унааларды көрбөй, жол кырсыгына кабылган учурлар катталганы себеп болгон.
"Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана коопсуздукка көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Унаалардын артынкы бөлүгүндө жарык чагылдыруучу элементтерди бекитип жол кырсыктарын алдын алууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.