Кыргызстанда өткөн жумада 12 адамдан COVID-19 аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 31-октябрдан 6-ноябрга чейин, COVID-19дун жаңы 12 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган 12 адамдын бирөө ооруканага жаткырылган, 11и амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 7-ноябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 10 ай 6 күнүндө COVID-19дун 21 716 учуру катталган, анын ичинде 19 709 (90,8 учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,2%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД