
2022-жылдын 6-ноябрь түнү саат 01-20 чамаларында, Кочкор айылындагы С.Орозбаков көчөсүндө жайгашкан "Айыл-Банк" имаратынын алдынан Нарын облусу Кочкор районунун 1966-жылы туулган, С.Ш. белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти,
Натыйжада жөө жүргүнчү С.Ш. алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Изи сууй электе Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан аныкталып, айдоочусу Нарын облусу Кочкор районунун 1981-жылы туулган А.А. кармалып, Кочкор РИИБнүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаасы атайын айып короосуна токтотулду.