
Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 8-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.