"Ласковый Май" тобунун негиздөөчүсү, композитор Сергей Кузнецов көз жумду

Россиялык белгилүү "Ласковый Май" тобунун негиздөөчүсү, композитор Сергей Кузнецов 58 жашында каза болду.

Маалыматка караганда, композитор инфаркттан каза болгон. Ал Оренбургдагы туулуп-өскөн үйүндө көз жумду.

Белгилей кетсек, Сергей Кузнецов 1964-жылы Оренбург облусунун Медногорск шаарында туулган. Ал 13 жашынан тарта музыканы үйрөнүп, кийинчерээк өз алдынча обон чыгара баштаган. Кузнецов бир нече музыкалык топторду негиздеген. Анын бири "Ласковый май". Ал "Розовый вечер", "Седая ночь", "Белые розы" ырларын жараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД