
Москва районундагы "Бердалы" атындагы борбордук мечитте "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата эскерүү иш-чарасы өтүп, 1916-жылы курман болгон 517 кишиге эстелик тургузулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саамалыкка Москва районунун акими Ниязбек Козуев, орун басары Мунара Мамажанова, Москва районунун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеев, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеевге Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.
Эскерүү иш-чарасынын соңунда 1916-жылы курман болгон ата-бабаларга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.