
Дүйнөгө таанымал мушкер Валентина Шевченко Бишкектеги залды лезгинкасы менен "жарып! жиберди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ММА стилиндеги атактуу машыктыруучу Павел Федотовдун командасынын мүчөлөрү жана анын эң атактуу шакирти, аралаш мушташтын ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону Валентина Шевченко Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде болушту.
Азыр алардын тобу Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) жайгашкан. Жыл башынан бери үчүнчү жолу мекени Кыргызстанда. Бул жерде бир жарым ай болушуп, өздөрүнүн туулуп-өскөн Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде болушту. Атаандаштары менен жаңы кармашуулардын алдында эс алууга жана машыгууга жетишти.
Туруктуу инструктор Валентина Шевченко жана алардын кесиптештерине, анын ичинде АКШдан келген өнөктөштөрү үчүн ДОКтун спорттук объектилерин, No 7412 аскер бөлүгүнүн музейин көрсөтүп чыгышты, ал бөлүктүн клубунда өздүк курам жана офицерлер менен кеңири масштабдагы жолугушуу менен аяктады.
Бул жерде келгендерге 34 жаштагы Валентина Шевченконун жана анын бир тууганы Антонинанын укмуштуудай карьерасы тууралуу тасма көрсөтүлдү, ал дагы көп жылдардан бери профессионалдык аренада өнөрүн көрсөтүп келет. Темир эрк, катуу тартип жана жаңы бийиктиктерге туруктуу умтулуу – кыргызстандык эже-сиңдилердин ийгилигинин сыры ушунда жана баарыбызга үлгү.
ДОКтун жетекчиси, полковник Улан Бердикожоев П.Федотов менен В.Шевченкого ведомстволук "Кадыр" медалдарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Ал эми "Сый-Урмат" ардагерлер коомдук бирикмесинин жетекчиси, Советбек Арбаев Валя-Окту өз уюмунун ордени менен сыйлады. Шевченко сахнадан өзүнүн лезгинкасын бийлеп бүт көрүүчүлөр аны дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту!
Мунун баары чемпион менен достук чай ичүү менен аяктады. Валентина өзүнүн мега-жылдыз статусуна карабастан, жөнөкөй, сүйкүмдүү жана ачык-айкын адамы бойдон экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Албетте, Кыргызстаныбызды планетардык деңгээлде даңазалаган эл аралык масштабдагы тирүү легенда Валентина Шевченко менен болгон бул жолугушуу ДОКтун жоокерлерин абдан шыктандырып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана башка алгылыктуу иштерге күчтүү түрткү болду.