
Анапа шаардында өткөрүлгөн сынакта экинчи орунду алган "Жол кыймылынын жаш инспекторлорун" аэропорттон кайгуул кызматы тосуп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия федерациясынын Анапа шаарында өткөрүлгөн мамлекеттер аралык "Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагында Кыргызстандын атынан барган "Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын" окуучулары экинчи орунду алды. Ал сынакка 37 команда катышып, ошонун ичинен Кыргызстандын атынан барган Качкыналиев Пулат агайдын командасы экинчи орунду багындырды.
Бул "жол кыймылынын жаш инспекторлорун" Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери аэропорттон салтанаттуу түрдө тосуп алып, башкармалык тарабынан даярдалган Ардак громаталарды, ыраазычылык каттарды жана кол сааттарды башкармалыктын орун басары милициянын полковниги Жумаев Канат Касымалиевич тапшырды. Ошондой эле башкармалыктын атынан сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр жана мындан арыда окууларында албан-албан ийгиликтер коштоп журүүсүнө тилектеш экендигин билдирди.