Төкмө акын Болот Назаров кармалды. Ал тоноочулукка шектелүүдө

Чүй облусунун Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. (төкмө акын Болот Назаров) аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД