
Сокулук районунан ири партиядагы баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлерине Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жашаган жарандар баңгизаттарды сатуунунун туруктуу каналын түзүп, өздөрү дагы колдонуп жана сактап жүргөндөрү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иштерин ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүүнүн бири жашаган Сокулук районунун айылындарынын бириндеги үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат табылып алынган. Тактап айтканда, уктоочу бөлмөдөн жана короодо баштыкка оролуп катылган өзгөчө кескин жыты бар зат табылган.
ИИМдин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүмчөсүнүн маалыматына ылайык, табылып алынган зат каннабис чайыры (афган чарсы) экени аныкталып, жалпы салмагы каннабис чайыры 863 граммды түздү. Андан сырткары 30 грамм апийимдин суюктугу табылды.
Аныкталган фактыларга байланыштуу, мурда козголгон кылмыш иши Кылмы-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнө өзгөртүлдү.
Бул кылмыш ишине шектүү катары кармалган 1989-жылы туулган Ж.Б. менен 1989-жылы туулган С.А. карата Сокулук райондук сотунун чечими менен эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган. Кармалган жарандардын бири Ж.Б. алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
