
Сүлүктү шаарында студенттерге диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттери боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы университетте имам хатиб жана окутуучулардын катышуусунда студенттер үчүн семинар өткөрүштү. Студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.