Таласта милиция карыянын 10 жылдан бери дайынсыз жүргөн уулун таап беришти

Талас милициясы карыянын 10 жылдан бери дайынсыз болгон баласын таап берди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин кызматкерлери 10 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен облусунун тургунун табышты. 3-ноябрда ОИИБне Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 1987–ж.т. Нурланбек аттуу баласы 2012-жылдан бери үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз кетип, байланышка чыккан учурда жүргөн жерин жашырып, дарегин айтпай жүргөндүгүн билдирген. Баласынын амандыгын көрүп, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендигин жана коопсуз жерде экендигин көрүүнү максат кылганын айткан.

Талас ОИИБдин кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап таап, атасына тапшырып беришти. 35 жаштагы баласы Нурланбек учурда Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жергиликтүү тургундардын үйүндө жалданма чабан болуп иштеп жүргөн экен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД