Таласта милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик күнү белгиленди

Талас ОИИБде милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик ​ күнү белгиленди. Бул тууралуу ​ ​ Талас ОИИБдин басма сөз кызматы нан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрүн ОИИБдин облус жетекчиси Асанов Марлис куттуктады.

Райондук ​ жана шаардык коомдук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлерди КРнын ИИМдин Азамат II даражадасындагы медалын ​ ​ 1 кызматкерге, ​ Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейлик медалын ​ 2, Ардактуу участкалык инспектор​ юбилейлик төш белгиси менен 4, ​ ​ Келечек, Камкордук, Коопсуздук төш белгисин ​ ​ бир кызматкерге, Ардак грамота 2 жана Алкыш баракчасы менен бир кызматкерге тапшырды.

КККнын кызматкерлердин жумушуна токтолуп, жумуштарына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жарандар менен тыгыз мамиледе иш алып барууларын белгилеп өттү. ​ Кылмыштуулуктун алдын алып, коомчулук менен иш алып барууларында иштерине ийгилик каалады.

Өз сөзүндө Марлис Асанов : элдин көйгөйүн жеринен чечкен, жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп, бекитилген аймакты кылмышкерлерден сактап, коомдук тартипти камсыз кылуу эң негизги милдет – деп ​ баса белгилеп ​ өттү. ​ ​


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД