Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынын кесепетинен ырчы Бекжан Темирхан каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү саат 22:30да Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында орун алган. Кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, болжол менен 100 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, "Мерседес" унаасынын айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай калган. Алган жаракаттарынан улам айдоочу Кемин райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаанын Т. уулу Б. аттуу (ырчы Бекжан Темирхан) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Бекжан Темирхан 1996-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында төрөгөн. 5 бир туугандын уулусу.

"Эзилип бүттүм", "Кантем", "Шекерим", "Эрке", "Мадам", "Таптым", "Карлыгачым" жана башка ырлары менен белгилүү.

Vb.kg редакциясы ырчынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД