Кадамжайда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кадамжай районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы ар бир орто мектептерге барып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурууда.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө, укук бузуулардын алдын алуу боюнча темалар козголуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Сабакка себепсиз келбей, акча табуу максатында өз алдынча эмгекке тартылып кетпөөнүн алдын алууда ар бир мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында соцпедагоктор менен биргеликте жыйналыштар уюштурулуп, эскертүүлөр берилүүдө.

Кадамжай район аймагында 10 ай ичинде жаш өспүрүм тарабынан 17 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД