Руслан Казакбаев Түркияга элчи болуп дайындалды

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Руслан Казакбаев тышкы иштер министри болуп иштеген. Быйыл аталган кызматтан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД