Улуттук банк мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайдын ишин убактылуу токтотту

Бишкекте мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту.

Улуттук банктан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду:

1. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 21-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү 150, "Аю Гранд Комфорт" соода борбору, №С101/1 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "Бермет Гранд" алмашуу бюросунун 2022-жылдын 1-июлундагы № 6315 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, №29/2 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "Жетиген трейд" алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 8-июнундагы № 6301 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "ТС Финанс" алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6249 лицензиясы.

2. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "Красная Звезда Кей Джи" алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6389 лицензиясы.

3. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "Интегро Ко" алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 6391 лицензиясы.

КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып ЖЧК "Экспо мани" алмашуу бюросунун 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 5955 нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД