Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аймагы иретке келтирилүүдө

Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аймагы иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлери ИИМдин жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте 40 тонналык эки темир контейнерди демонтаждоодо. Контейнерлерди көп жылдан бери көрүстөндүн мурдагы кызматкерлери мыйзамсыз ээлеп келишкен. Алардын коммерциялык иш жүргүзүүгө келишимдери жана уруксаты жок.

Эске салсак, Түштүк-Батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында сөөк коюуга бекер жер тилкелеринин жоктугуна байланыштуу жабылган.

Жалпысынан Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинин балансында алты көрүстөн бар: Түштүк-Батыш, Гроздь айылындагы, Ала-Арча көрүстөндөрү, ал эми Северное, Боордоштор жана Дунган көрүстөндөрү жабык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД