
Кайгуул кызматкерлери коомдук транспортторду текшерүүгө алууда. 5 маршруттук унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү дем алыш күндөрү автобекеттерде жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларды текшерүүдө. Айрыкча техникалык абалына басым жасап, кышкы дөңгөлөктөрүн, кыймылдаткыч майларын, жарык берүүчү каражаттарын жана санитардык абалына көңүл бурууда.
Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги орундуктарды алып салгандыгы жана кошумча кошуп алгандыгы, үстүнө багаж өңдүү мыйзамсыз орнотуп алган техникалык каражаттар аныкталып, 5 маршруттук унаага 5500 айып салуу менен убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотушту.
Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан мындай текшерүү жана алдын алуу иш-чаралар мындан ары да уланат.