Кайгуул кызматы техникалык бузуулары табылган коомдук унааларга айып салды

Кайгуул кызматы тарабынан коомдук транспорттор текшерилип, 103миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унааларды, кичи автобустарды жана троллейбустарды текшерүүгө алып, бир канча кемчиликтерди аныктады.

Текшерүү учурунда эрте менен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды.

Ошого байланыштуу техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан техникалык бузууларга жол бергендиги жана техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн, коомдук транспортторго тийиштүү протоколдорду толтуруп, жалпысынан 103 000 сомго айып салды.

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да уланмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД