Соттолгон 15 адам мыйзамдуу түрдө никеге турган

Беловодскидеги № 16 түзөтүү мекемесиндеги соттолгондорго 10 ай ичинде 54 паспорт берилди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусундагы № 16 түзөтүү мекемесинде мыйзам бузган адамдарды социалдаштыруу процесси активдүү уланууда.

Жакында КР жаранынын көптөн күткөн паспарттору соттолгон 11 адамга тапшырылды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын он айында эле 2017-жылдагы үлгүдөгү 54 ID-карта берилген.

Бул маанилүү иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, СИЗОдогу шектүү жана айыпкер катары катталгандарга паспорт берүүнү жана жөнгө салуучу токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Паспорттоштуруунун аркасында буга чейин 15 соттолгон адамдын никеси мыйзамдуу түрдө катталып, бул тууралуу тиешелүү күбөлүккө ээ болуп, үй-бүлөлөрү менен социалдык байланышты чыңдоого кызмат кылууда.

Мындай жардам экс-кылмышкерлерге абактан чыккандан кийин кылмыш жолуна кайтпай, коомдо өз ордун табууга шарт түзөт.

Жүргүзүлүп жаткан иштер № 16 мекеменин социалдык маселелер боюнча ага инспектору, и/к майору М.Мырзамаматова менен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Москва райондук бөлүмүнүн тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД