
Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн жаңы светофорлор орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 7 жол чырак курууга тендер өткөрдү. Жол чырактар төмөнкү кесилиштерге орнотулат:
- ЛевТолстой көчөсү,
- М. Ауэзов көчөсү;
- Профсоюз көчөсү;
- Бородина көчөсү;
- И. Ахунбаев көчөсү,-
- К. Тыныстанов көчөсү;
- Шералиев көчөсү;
- Күйүкова көчөсү;
- Салиева көчөсү;
- Буденный көчөсү;
- Манас көчөсү;
- Көкчөтай көчөсү;
- Сухэ-Батор көчөсү;
-7-Апрель көчөсү.
Жол чырактар 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.Белгилей кетсек, быйыл борбор калаага 31 жаңы светофор орнотулуп, жыл аягына чейин дагы 11 жол чырак орнотуу пландалууда.