
Кыргызстанда бир жумада, 7-13-ноябрда, COVID-19дун 19 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, катталган 19 учурдун ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылган, 15и амбулатордук дарыланууда.
2022-жылдын 7-ноябрынан 14-ноябрына чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылдын 10 ай жана 13 күн үчүн жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 736 учуру катталды, анын ичинен
19728 (90,7%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2008и (9,3%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.