
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.
Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.
Болот Тентимишов Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын актёру. Ал "Ээнсиреген үй", "Аталар керээзи", "Мурастар сыры", "Боз салкын", "Кентавр", "Ажар", "Супер кудалар" жана башка бир катар тасмаларда роль ойноп, театр сахнасында бир нече образдарды жараткан.