
Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук акимчилигинин башчысынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Свердлов райондук акимиатынан жеке чечимим менен кетип жатам. Эч ким кет деген жок, арыз жазууга мажбурлаган жок. Чогуу иштешкен кесиптештериме, Свердлов районунун жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Жакшы иштештик деп ишенем. Буга чейин кылган кызматыма ыраазы болуңуздар", - дейт ал.
Эске салсак, Руслан Бекназаров 12-декабарга чейин камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук сотунун 2-ноябрдагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Руслан Бекназаровго карата мурда 2022-жылдын 12-декабрына чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.