
Бир нече жылдан бери сот жоопкерчилигинен качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылы уурулук жасап сот жоопкерчилигинен качып жүргөн Кадамжай районунун 30 жаштагы А.Т. аттуу жараны Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан 9-ноябрь күнү аныкталып кармалып келди.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.