Таласта мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга айып пул салынды

Талас облусунун Талас районунда жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргѳн жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда ал жарандын жанынан мыйзамсыз олжолонгон бир чил жана ок атуучу курал табылган.

Жыйынтыгында жеринде протокол түзүлүп, 15 миң сом айып салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД