
Баткенде мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-ноябрь күнү Баткен ОИИБдин ЭММКАКтын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну Н.О. Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккандыгы аныкталып, кармалды.
Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.