Таласта милиционерлер жараат алгандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

Талас ОИИБде жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүү үйрөтүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 15-ноябрь күнү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында ОИИБдин ​ медицина​ кызматынын начальниги милициянын подполковниги Балашбаев Максат ​ кызматкерлери менен "Жаракат алган адамга биринчи медицициналык жардам көрсөтүү"​ темасында лекция өткөрдү. Лекциядан соң жаракаттын түрлөрү, аларга врачтар келгенче кандай жардам керектиги, керектелүүчү каражаттар тууралуу​ практикалык түрдө көрсөтүү менен кенен маалымат берип, үйрөтүштү.

Милиция кызматерлери кырсык болгон, ар кандай жагдайда жана кырдаалда иш алып барат. Ошондой учурларда окуя болгон жерден жарандарга укуктук гана эмес, алардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканда ​ моралдык-психологиялык жана медициналык аракеттерди көрүү керектиги айтылды. Эң негизги керектелүүчү ​ медициналык каражаттар (йод, спирт, бинт) ж.б.у.с.​ кызматтык унаалардын аптечкасында толук тизмекке жараша болушу керектиги баса белгиленди.

Окутуу бир нече бөлүктөн туруп, ага ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы толугу менен катышты. Негизги максаты болуп адамдын өмүрүн сактап калуунун медициналык ыкмалары аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД